7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Омандын беттешин кувейттик калыс тейлейт

245

2023-жылкы Азия Кубогунун Кыргызстан — Оман беттешинде калыстар бригадасын кувейттик ФИФА калысы Ахмад Алали жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери — Абдулхади Аланези жана Ахмад Абас жардам беришет. Адхам Мухаммад (Иордания) резервдик арбитр болуп дайындалган.

VAR-системасында Абдулла Жамали (Кувейт) жана Эванс Шоун (Австралия) иштешет.

Белгилей кетсек, Кыргызстан — Оман беттеши 25-январда Доха шаарындагы Абдулах бин Халиф стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө старт алат.

Азия Кубогунун бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында «УТРК Спорт» каналында жеткиликтүү болот.

246