7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

659

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдү атымдан жагымдуу жаз майрамы — 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Бул күн аялзаты менен байланышкан бардык жакшы касиеттерди, аруу тилектерди камтыйт. Анткени алар ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болуп келет. Ошондой эле аялзат бизди бардык учурда колдоп, кыйын учурда жөлөп турган мээрман энебиз, асылкеч жарыбыз, жароокер кызыбыз болуп эсептелет. Андыктан сиздерге кажыбас кайратыңыздар, үй-бүлө коломтосун өчүрбөй, бизге кылган камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге түгөнбөс бакыт, бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө ынтымак жана береке тилейм! Ушул күн сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып, жазгы жаркын маанай тартууласын!» — деп жазылат куттуктоодо.

660