Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдү атымдан жагымдуу жаз майрамы — 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Бул күн аялзаты менен байланышкан бардык жакшы касиеттерди, аруу тилектерди камтыйт. Анткени алар ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту болуп келет. Ошондой эле аялзат бизди бардык учурда колдоп, кыйын учурда жөлөп турган мээрман энебиз, асылкеч жарыбыз, жароокер кызыбыз болуп эсептелет. Андыктан сиздерге кажыбас кайратыңыздар, үй-бүлө коломтосун өчүрбөй, бизге кылган камкордугуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге түгөнбөс бакыт, бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө ынтымак жана береке тилейм! Ушул күн сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып, жазгы жаркын маанай тартууласын!» — деп жазылат куттуктоодо.