7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Италиялык теннисчи Синнер Австралиянын ачык чемпионатын утту

595

Италиялык теннисчи Янник Синнер Австралиянын ачык чемпионатын (Australian Open) жеңип алды.

Ал финалда орусиялык Даниил Медведевге туш келген. Синнер бул мелдешти уткан Италиянын алгачкы өкүлү болуп калды.

22 жаштагы спортчу Чоң шлемге кирген турнирдин жүрүшүндө белгилүү атаандаштарын, анын ичинде жарым финалда чемпионаттын былтыркы жеңүүчүсү, атактуу Новак Жоковичти утуп, сербиялык теннисчинин көп убакыттан берки үстөмдүгүнө чекит коё алган.

Бул жарышка чейин Синнер дүйнөлүк рейтингде төртүнчү, ал эми Медведев 3-орунда турган.

 

 

596