7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги толугу менен кызматтан кетти

559

Кыргыз футбол союзунун жетекчилери кызматтан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Союздун президенти Медербек Сыдыков улуттук команданын көрсөткөн жыйынтыгына байланыштуу жумушун тапшырууну чечкенин билдирди. Анын артынан аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү “өз жоопкерчилигин сезип” мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушту.

КФСнын жетекчилигин шайлоо 19-февралда өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курамасы Азия Кубогунда өз тайпасында үч оюнга чыгып, бир гана упайга ээ болуп акыркы орунду алган.

Эскерте кетсек, Медербек Сыдыков президенттик кызматына 2021-жылдын октябрь айында, ал эми Аткаруу комитетинин учурдагы курамы 2022-жылдын апрелинде шайланган.

560