7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2023-жылы Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймакта жашаган 144 үй бүлө көчүрүлгөн

448

Жалал-Абад облустук Жарандык коргонуу кызматы жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйынга КРнын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Уларбек Исмаилов, облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы, Жарандык коргонуу башчысынын орун басары Абдулнасир Закиров, тийиштүү кызматтар жана онлайн түрдө район-шаар жетекчилери катышты.

Жыйында Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын 2023-жылы аткарган жумуштарынын жыйынтыктары айтылып, 2024-жылы аткарылуучу иш аракеттери талкууланды. Мында өткөн жылы Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймакта жашаган 144 үй бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөнү белгиленди. Ага катар сел, суу ташкындарынын алдын алуу, жээк бекемдөө жумуштары алып барылган.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси облустагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын аткарган жумуштарын белгилеп, 2024-жылы да кызматтын аткаруучу жумуштарын өз убагында жүргүзүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды болтурбоо, көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган 1067 үй-бүлөнү көчүрүү иштерин жандантуу зарылдыгын айтты.

 

449