Куудул Тынар Курбаналиев видео кайрылуу жасап сахнада айткан сөздөрү үчүн кечирим сурады.
Тамашанын видеосу чыккан соң, ал катуу талкууга алынды. Анын айтымында, сценарийи Борончу Кудайбергеновго таандык. «Концертте аяттарды шылдыңдады» деген коомчулук динге тийишпей эле коюшса болмок экенин жазышты.
“Урматтуу бир туугандар, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дейт. Ката кетирген болсок, баарыңыздардан башты ийип кечирим сурайбыз. Кудайым баарыбызды адашуудан сактасын”, — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram