Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, милицияга кабар 1-февраль күнү саат 17:37 чамасында түшкөн. Бул факт каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
«Жүргүзүлгөн издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 20 жаштагы К.А. аттуу жаран аныкталды. Кыз Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде жети айлык баланы жансыз абалда төрөгөн. Эмне кыларын билбей, курбуларынын кеңеши менен баланын сөөгүн кутучага салып, Аламүдүн районунун Алматы көчөсүндөгү Эне-Сай жаңы конушунун аймагындагы талаага таштаган», — деп айтылат маалыматта.
Учурда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.