7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экономика министрлигинин мурдагы кызматкерлери кармалды

608

Финансы министрлигинин Банкроттук иштер боюнча департаментинин кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Экономика жана каржы министрлигинин мурдагы кызматкерлери жана жеке компаниянын негиздөөчүсү кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, атайын администрациялоо жол-жобосун аткаруу учурунда кылмыштуу сүйлөшүүлөр болгону айтылат.

Компаниянын Каржы министрлигине караштуу ФКФга болгон карызы 11 млн 475 миң 590 АКШ долларын түзөт. Ошол эле учурда атайын администратор С.Т.Ж. ошол эле компаниянын башкы директору болуп дайындалган.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен аталган ишкананын негиздөөчүсү жана ээси экени аныкталган. Ал үлүштүк курулуш аркылуу курулуп жаткан турак жай комплексиндеги турак жайларды сатуудан 200 млн сомдон ашык акча каражатын алып салган. Ошону менен бирге, Финансы министрлигине караштуу болгон карыз COVID-19дун узакка созулган кесепеттерин шылтоолоп төлөнбөй калган.

5-февралда бул фактыга тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

609