7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиянын Түркиядагы элчисинин өлүмүнө айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылды

624

Түркияда Орусиянын элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө айыпталган беш киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги кабарлады.

Элчиге 2016-жылы декабрда Анкара шаарындагы сүрөт көргөзмөдө сүйлөп жатканда кол салуу болуп, ошол жерден жан берген. Аны 22 жаштагы полиция кызматкери Мевлүт Алтынташ күтүүсүздөн атып, бирок окуя болгон жерде коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлгөн. Ал буга чейин президенти Эрдогандын жан сакчысы болуп да кызмат отөп келген.

«Би-Би-Си» бул иш боюнча 28 кишиге айып тагылганын жазган. Алардын ичинен алтоо беш жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөткө соттолсо, дагы алты киши акталып, чет өлкөдө жүргөн бир нече кишиге карата сыртынан өкүм чыккан.

«РИА Новости» агенттиги өз кабарчысына шилтеме кылып, тогуз киши беш жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө соттолуп, бешөө акталганын, дагы тогуз шектүү издөөдө экенин кабарлады.

Бул иш боюнча сот 2019-жылы январда башталган. Сотто айыпталуучулардын АКШда жашап жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленге тиешеси бар экени айтылган. Анкара ФЕТО деп атаган Гүлендин уюму Түркияда террордук деп айтылып келет.

Андрей Карлов Орусиянын Түркиядагы элчиси кызматына 2013-жылы июлда дайындалган. Ага чейин Орусия Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментин жетектеп, 2001-2006-жылдары Орусиянын Түндүк Кореядагы элчиси болгон.

625