7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиядагы даңазалуу Диярбакыр сепили

511

Анадолу аймагынын түштүк-батышында жайгашкан Диярбакыр шаары өз учурунда улуу цивилизациялардын башаты болгон. Бул даңазалуу шаарда кытай сепилинен кийинки эле орунда туруп, терең тарыхты өзүнө камтыган улуу чептер жайгашкан. Ошондой эле маданий жана диний мурастарды сактаган мечиттер, айтылуу музейлер бар.

Диярбакыр улуу сепилинин качан курулгандыгы боюнча так маалымат жок. Ошентсе да, кээ бир булактарда Диярбакыр дубалдары б.з.ч. 3000-4000-жылдары курулгандыгы айтылат. Бул атактуу чеп тарыхта транзиттик жол, аскердик кошуундардын базасы катары колдонулган. Ошондой эле ар түрдүү цивилизациялардын борбору катары кызмат кылган. Диярбакыр дубалдары ар тараптан изилденүүгө татыктуу баалуулуктардын арасында турат.

Улуу цивилизациялар калтырган даректүү баалуулуктарды чагылдырган Диярбакыр шаары маданий өзгөчөлүгү менен Түркиянын гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү эң маанилүү шаарлардын бири болуп эсептелет.

Ошондуктан бул кереметтүү аймак өзүнүн көркөмдүү көрүнүшү жана баа жеткис улуу маданияты менен дүйнө саякатчылардын назарын өзүнө буруп турат.

Бул даңазулуу сепил Диярбакырдын түптөлгөн жери болуп саналат. Анын 82 бурчу бар. Бул бурчтар душмандын караанын алыстан таанууга жардам берип, коопсуздук үчүн кызмат кылган. Дубалдын узундугу 5.5 километр, бийиктиги 10-12 метр, ал эми калыңдыгы (туурасы) 3-4 метрди түзөт.

Улуу цивилизациялар калтырган даректүү баалуулуктарды чагылдырган Диярбакыр шаары маданий өзгөчөлүгү менен Түркиянын гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү эң маанилүү шаарлардын бири болуп эсептелет.

Ошондуктан бул кереметтүү аймак өзүнүн көркөмдүү көрүнүшү жана баа жеткис улуу маданияты менен дүйнө саякатчыларынын назарын өзүнө буруп турат.

512