7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Hinduja Group компаниясынын төрагасы менен жолукту

512

Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон иш сапарынын жүрүшүндө Hinduja Group компаниясынын төрагасы Гопичанд Хиндужа менен жолукту.

Hinduja Group — экономиканын он бир негизги секторунда болгон индиялык трансулуттук конгломерат. Компаниянын негизги ишмердүүлүгүнө автоунаа куруу, мунайды кайра иштетүү, банк иштери жана каржы, маалыматтык технологиялар жана IT-кызматтары, саламаттыкты сактоо, соода, инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгуу, массалык маалымат каражаттары жана көңүл ачуу, энергетика жана кыймылсыз мүлк кирет. Компаниянын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 100 млрд АКШ доллары өлчөмүндөгү активдери бар.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда Кыргызстанда өлкөгө ири инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштер активдүү жүрүп жатат.

Энергетика, транспорт, тоо-кен тармагында ири долбоорлор ишке киргизилүүдө.

Кызматташтыктын келечеги тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров банк, тоо-кен жана туризм тармагына инвестицияларды тартууну карап көрүүнү сунуштады. Ал Кыргызстан инвесторлор үчүн өз ара пайдалуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Гопичанд Хиндужа сунушталган долбоорлорду деталдуу изилдөөгө кызыкдарлыгын, ошондой эле аларды ишке ашыруу үчүн бардык ресурстарды пайдалануу ниетин билдирди.

513