7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма долларларды сатып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

574

УКМК финансы-банк секторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын алкагында трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду.

Аталган топ Кыргызстандын жана Казакстандын аймагында 100 АКШ доллары номиналындагы ири суммадагы жасалма банкнотторду саткан. Ошондой эле, «Оптима Банк» ААКтын терминалдары аркылуу банктык карталарды толуктоо жолу менен жасалма акчаны «адалдоо» менен алектенип, Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайлар аркылуу да саткандыгы аныкталган.

45 миң АКШ долларынан ашык жасалма 100 долларлык купюралар аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында КР жарандары жана коңшу мамлекеттин жарандары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Ушундай эле факт менен буга чейин 50 миң жасалма АКШ долларын 20 000 (жыйырма миң) долларга сатууну көздөгөн КРнын жараны кармалган.

Учурда бул топко тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

575