7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК мурдагы салыкчыны кармады

737

УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана 63 млн. сом өлчөмүндө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөө иштердин жүрүшүндө, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов району боюнча текшерүү жана жазалоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды.

Кармалган Т.С.А. салык кызматында иштеп, чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен коррупциялык бүтүмгө келип, жасалма эсеп-фактураларды колдонуу менен жалган фирмаларды түзүү жолу аркылуу салык төлөөдөн качуу схемасын уюштурган.  Кийинчерээк «Чалдовар» көзөмөлдөп өткөрүү пункту аркылуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына товарларды алып киргени аныкталган.

Ал соттун чечими менен Юстиция министрлигинин №21 тергөө абагына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

 

 

 

 

 

 

738