7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Татарстанга барды

546

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Татарстан Республикасына барды.

Мамлекет башчысынын борту Казань шаарындагы Г. Тукай атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду Татарстан Республикасынын Башчысы Рустам Минниханов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «Келечек оюндары» эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземине катышат.

Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компаниялардын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путин жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен эки жактуу жолугушуулары өтөт.

547