Журналист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев: Эртең, 21-февралда, ЮНЕСКО тарабынан бекиген Эне тилдин эл аралык күнү экен. Кыргызстандагы эне тилибиздин абалы эмгиче оор абалда, кыргыздарды кыргызча сүйлөтө албай убара болуудабыз. Маалымат каражаттарынын дагы тилдин бузулганына салымы зор, анткени биз тил адистеринин эмес, тил жагынан сабатсыз түркөйлөрдүн жетелендисинде калганьыз.
Ошол эле учурда байыркы тилибизди да тааныгыбыз келбейт. Орусиялык профессор Сергей Малов «Байыркы кыргыз жазма тили» деген эмгек жазып жатканда, кыргыз профессорлору ага каршы чыгып, кийин ал эмгек «Байыркы түрк жазма тили» деген ат менен жарык көргөн. Кыргыздын тарыхын дагы орусиялык окумуштуулар жазып берген, азыр орусиялык профессор Виктор Козодой ошолордун ишин улантса, кыргыз тарыхчылары ага да азыр каршы чыгууда…