Бүгүн, 20-февраль күнү Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФСтин жаңыдан шайланган президенти Камчыбек Ташиев Кыргыз футболдук союзунун секретарлыгынын жана ага тиешелүү болгон фонд менен лигалардын жалпы жамааты менен жолугуп, таанышты.
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, анда КФС президенти футболдук уюмдун келечекке койгон башкы максаттары жана аларды ишке ашыруунун багыттары тууралуу сөз кылып, өзүнүн алгачкы тапшырмаларын берди.