Аба ырайынын туруксуз шарттарына байланыштуу ИИМ айдоочуларды жолдо жүрүүдө этият болууга, ылдамдыкты азайтууга, каптал аралыгын жана аралыкты узартууга чакырат.
Бишкек-Ош унаа жолунун боюндагы “Сосновка” жана “Чычкан” постторунда, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында 500 метр аралыкка чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле, кар тазалоочу техникаларга да жардам көрсөтүлүп, жолдун кооптуу тилкелериндеги кыймылды жарым-жартылай жаап жатышат.
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45 чакырымынан 130 чакырымына чейинки тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилди.