7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кореядан келген 600дөй унааны мыйзамсыз каттаткан кызматкерлер кармалды

570

Бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында «Унаа» мамлекеттик ишканасынын айрым кызматкерлери автотранспорт каражаттарын ташуучу жеке адамдар менен макулдашууга барып, туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын адистери коррупциялык схеманы уюштуруп, анда жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктери деген шылтоо менен автомашиналарды алып келүү менен алектенишкен. Бул аларга импорттук бажы жыйымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген. Бирок, ушундай жол менен алынып келинген автоунааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтери болгон эмес.

Буга карабастан, «Унаа» мамлекеттик ишканасынын башчысы жана адистери материалдык пайда алуу максатында акыркы бир нече жыл аралыгында Кореядан автотранспорт каражаттарын ташып келүү менен алектенген жеке адамдар менен тил табышып, баштапкы документтери жок 600дөн ашык автоунаа каражаттарын өлкөнүн аймагына каттоого алышкан. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында коррупциялык схема түзүүгө тиешеси бар деп, 19-февралда «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Кызыл-Кыя бөлүмүнүн башчысы К.А.Т. жана «Унаа» мамлекеттик ишканасынын адиси кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Учурда башка кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

571