Никеге турууда жубайлардан медициналык маалым кат талап кылынат. Социалдык камсыздоо министрлиги Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясын сунуштады.
Анда үй-бүлө курууга белсенген жубайларды каттоо шарттары өзгөртүлөт:
🔹Расмий катталбай туруп диний жолдор менен (нике кыйып алып) жашоого тыюу салынат. Бул ченемди бузгандар жоопкерчиликке тартылат.
🔹Атасы же апасы жактан жети муун өтө элек туугандар (учурда 3 муун) баш кошо албайт;
🔹Жубайлар бири-бирине ден соолугунун абалы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Ага ВИЧ/СПИД сыяктуу жыныстык жол менен өтүүчү инфекциялар боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы, жуптардын медициналык жактан дал келүүсү камтылат.
🔹Никеге туруучу адамдардын медициналык текшерүүдөн өтүү тартибин Саламаттык сактоо министрлиги белгилейт.
🔹Бир жыныстагы адамдардын баш кошуусуна тыюу салынат.
🔹Көзөмөлчү жана камкорчулукка алынгандар бүлө кура албайт.
🔹Соттолуп экөө тең абакта жазасын өтөп жаткан мезгилде никеге турууга жол берилбейт.
🔹Жаштар саясатын тескеген орган түгөйлөрдү үй-бүлөлүк турмушка даярдайт. Анын жол-жобосун өкмөт аныктайт.
🔹Баш кошкондон кийин кош фамилия алууга уруксат берилет. Мисалы, өзүнүкүнө күйөөсүнүн фамилиясын кошуп алса болот.