7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Диний-экстремисттик уюмдардын терс таасири боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

375

Ысык-Көл облусунда эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын терс таасирине каршы жалпы профилактикалык иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

1-мартта УКМКнын демилгеси менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Уламалар кеңешинен атайын чакырылган 3 теолог К.Курманхожаев, Ж. Курбанов жана Э. Асылбековдун катышуусунда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында, Жети-Өгүз районунун райондук акимиатында жана Түп районунун Маданият үйүндө жалпы профилактикалык иш-чаралар уюштурулуп, ага мамлекеттик кызматкерлер, окутуучулар, студенттер, мектеп окуучулары жана жергиликтүү имамдар катышты.

Өткөрүлгөн иш-чаралар катышуучулар арасында оң натыйжаларды жана реакцияларды жаратып, диний мүнөздөгү орчундуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, теологдор башка диндерге карата ар кандай зордук-зомбулукту жана мажбурлоону кескин түрдө четке каккан салттуу исламдын негизги принциптерин жеткиришти.

УКМК диний кырдаалдын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу жана тыюу салынган террористтик жана экстремисттик уюмдардын идеологиясына каршы күрөшүү максатында ушундай эле иш-чаралар Ысык-Көл облусунун бардык аймагында улантыларын белгилейт.

376