7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жиндиканада 41 жылдан бери жашаган кишинин өздүгү ушуга чейин такталган эмес

389

Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинен 19 адамдын өздүгүн тактаган документтери жок экенин аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы Инстиутунунан билдиришти.

Мониторинг аларга карата болгон катаал, адамгерчиликсиз мамиленин, кыйноонун же дарылоонун алдын алуу ошондой эле юридикалык жардам берүү максатында жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында 19 адамдын паспорту жок экени белгилүү болду. Алардын 15и эркек, 4ү аял киши. Өздүгү такталбаган жарандардын аталган мекемеде жүргөнүнө көп жыл болсо да, алардын кайдан, качан келгени, жашы канчада экени жана аттары белгисиз.

Мисалга, бул мекемеде 2011-жылдан бери эркек киши жашайт. Анан өздүк ишинде Белгисиз Жоро деп жазылган. Бул атты мекеменин кызматкерлери берген. Ал тууралуу мындан башка чыныгы аты-жөнү, туулган жери, жашы тууралуу да маалымат жок.

Ошондой эле, анын жакындарынын бар-жогу белгисиз. 2011-жылдан бери анын өздүгү аныктала элек.

Бул стационардык мекемеде 1983-жылдан бери жашаган эркек адамдын да, өздүгү ушул кезге чейин аныкталбай келет. Өздүгү такталбаган бейтаптардын аты-жөнү өздөрүнүн айтканы боюнча жазылган.

Акыйкатчы Инстиутуту өз мандатына ылайык бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттар жөнөттү. Расмий маалымат боюнча 19 бейтаптын, 11 нин адам туулгандыгы тууралуу актылары да жок болуп чыккан. Ага байланыштуу алар туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышкан эмес.

Материал даярдалып жаткан учурда, 19 адамдын бирөөнө паспорт берилген. Калган 7 бейтап боюнча өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат. Расмий маалымат боюнча жалпы психоневрологиялык социалдык стоционардык мекемелердин 142 жашоочусунун паспорту жок.

390