7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто мурда берилген жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлдү

551

Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунун шарттарын жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, УКМК Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте мурда берилген жер тилкелерин муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүштү.

Архивдик документтерге ылайык, Ош шаарындагы борбордук стадиондун баштапкы аянты 5,5 гектар болсо, 2000-жылдан кийин 1,2 гектарга жакын жер жеке жактарга өтүп кеткен.

Азыркы учурда жер ээлери менен өз ара макулдашууга ылайык, Ош шаарынын борбордук стадионунун башкы дарбазасынын жанында жайгашкан имараттарды демонтаждоо иштери башталып, өз кезегинде мэрия тарабынан менчик ээлерине компенсация катары  аянттагы жер тилкелери  Ош облусунун башка райондорунан берилет.

Бул багыттагы иштер улантылып, футбол стадионунун айланасындагы башка жер тилкелери жана объектилер боюнча мыйзам бузуу фактылары текшерилүүдө.

 

552