«Абдыш-Ата» ата-мекендик клубу бүгүн, 6-мартта, 2023/2024 АФК Кубогунун интерзоналдык финалынын алкагында «Тайчунг Футуро» (Кытайлык Тайбэй) клубуна каршы ойноду.
Беттеш Д.Өмүрзаков стадионунда орун алды. Канттык клуб атаандаштарды 5-0 эсеби менен утуп алды. Голдун авторлору — Кайрат Жыргалбек уулу (14’), Эрнист Батырканов (45+1’), Магамед Узденов (84’), Мирбек Акматалиев (86’), Теймур Чарыев (89’).
Клубдар ортосунда жооптук беттеш 13-мартта Гаосюн шаарында (Кытайлык Тайбэй) өтөт. Аталган жуптун жеңүүчүсү турнирдин интерзоналдык финалына жолдомо алат. 7 жана 14-март күндөрү интерзоналдык жарым финалда ойной турган «Одиша» (Индия) менен «Централ Кост Маринерс» (Австралия) командалары «Абдыш-Атанын» кийинки баскычтагы потенциалдуу атаандаштары болуп эсептелинет.