Бүгүн, 11-мартта өлкө боюнча көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Ал эми борбор калаада түнкүсүн жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө +11…+16, Талас өрөөнүндө +8…+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18, Ысык-Көлдө +5…+10, Нарында +2…+7 градус жылуу болот.
Бишкекте +14…+16, Ошто +15…+17 градуска көтөрүлөт.
Кармаган орозоңуз кабыл болсун, окурман!