7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ыйык орозонун башталышы менен куттуктады

159

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар!
Сиздерди Ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Орозо – жан дүйнөнү тазалоо менен изги иштердин, бийик максаттарга жетүүгө шыктануунун айы катары сыпатталып, мусулман жамааты үчүн ыйык жана касиеттүү ай деп саналып келет.
Канча кылымдар өтпөсүн, бул ай айкөлдүктүн, кайрымдуулуктун, жоомарттыктын, ошону менен бирге адеп-ахлагыбызды бекемдөөнүн айы болуп келген.

Берекелүү бул айдын кириши менен момун мусулмандар орозо кармап, Жаратканга ишенимин чыңдап, руханий азык алууга, арууланууга ниет кылышат. Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Өлкөбүздүн эртеңи үчүн элибиздин ынтымагы менен бейпилдиги өзгөчө мааниге ээ! Мына ошондуктан мамлекет бардык диний көз караштарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасайт. Баарыбыздын биргелешкен иш-аракетибиз менен өлкөбүздүн өнүгөөрүнө жана алдынкы өлкөгө айланарына терең ишенем! Андыктан, жан дүйнөбүздү жаман ойлордон арылталы, пейилибизди түзөп, жаркын келечек курууга ар бирибиз оюбуз, ниетибиз, иш-аракетибиз менен кол кабыш кылалы. Бул улуу айда жалпы кыргызстандыктарга бакубат жашоо, тынчтык жана жакшылыктарды каалайм! “Жашоодо эң күчтүү курал – бул акыл, эң күчтүү чеп – бул сабыр” деген накыл кеп сыңары, билим алуу менен катар сабырдуу болууга умтулалы. Ички руханий тазалыктын, аруулуктун айы болгон Орозо айында ар бир үйгө Жаратканыбыз кут-береке алып келсин. Жалаң гана жакшылыкка үмүт байлап, таза ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун! Орозо айыңыздар куттуу болсун!”.

160