Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу аталган ооруканадан кабарлашты.
Ош шаарынын тургуну 37 жаштагы Айсана Султановна 1 уул, 2 кызды 7-мартта жарыкка алып келген. Бул анын төртүнчү төрөтү. Ал үчүнчү төрөтүндө эгиз уулдарды төрөгөн. Энеге оорукананын атынан да белектер берилди.