Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, анда Нооруз майрамында коомдук тартипти сактоо жана учурдагы кылмыштуулуктун абалы, аны алдын алуу жана коомдук тартипти жогорку деңгээлде сактоонун негизги чаралары сыяктуу маселелер көтөрүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Ниязбеков Нооруз майрамына карата бардык аймактарда жана борбор калаада республикалык деңгээлдеги массалык-маданий иш-чаралар өткөрүлөөрүн белгиледи.
Ошондой эле министр «милиция өз милдетин аткарган жок» деген сын-пикирлер айтылышына жол бербөө керектигин айтып, өздүк курамдын сырткы формалык келбети ирээтке келтирилсин деген талабын койду.