7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дээрлик 50 млн сомго курулуп жаткан спорт комплекси буздурулууда

604

Кара-Суу районунун Учар айылында курулушу жүрүп жаткан спорт комплекс буздурулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Мамкурулуш тарабынан аталган объектинин кошумча блогунун сейсмикалык туруктуулугун камсыздаган конструкциялардын монолиттик түркүктөрүн курууда орун алган одоно кемчиликтер аныкталып, учурда бузуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Аталган курулуш 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, объекттин наркы 49,5 млн сомду түзгөн. Долбоор боюнча имарат 2-блоктон турат. Курулуш башталгандан бери объектиге 10 млн сом каржыланган. 2024-жылдын планы боюнча, 5 млн сом каралган. Спорт комплекс «Олимп и Ко» ЖЧКсы тарабынан курулуп, подряддык уюм пайдубалын түптөп, дубалдарын тургузуп жаткан.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан подряддык уюмга курулуш жумуштары боюнча жолдомолор жиберилип турган.

605