7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шавваль айындагы орозону кантип кармайбыз?

453

Шавваль – бул Рамазандан кийинки айдын аталышы. Шавваль айындагы 6 күндүк орозо сүннөт орозого кирет. Кармаса сообун алат, кармабаса күнөөкөр болбойт.

Бул орозонун сообу мындайча түшүндүрүлөт: Рамазан айындагы толук кармалган орозонун сообу 10 айга, ал эми Шавваль айындагы орозонун сообу 2 айга көбөйтүлүп берилет. Ошону менен экөө биригип, 1 жыл орозо кармагандын сообу чыгат.

— Орозо айында карызы барлар алгач карызын кармап бүтүрүшү шартпы, же биринчи шавваль орозосун кармай берсе болобу?

— Алгач карызды кармап бүтүрүп, андан соң гана Шаввалдын 6 күндүк орозосун кармоо шарт болуп саналат.

— Шавваль айындагы орозонун мааниси кандай?

— Бул орозонун адамзатка чоң тарбиясы бар. Биз бир ай бою жамандан тыйылып, бир канча кошумча ибадаттар менен алек болуп, өзгөрүүнүн туура жолуна түшүп алган соң Рамазан бүтөрү менен бул аракетибизден дароо үзүлүп калуу руханий дүйнөбүзгө жана ден соолугубузга да жакшы эмес таасир тийгизип коюушу мүмкүн. Рамазан бүткөн соң да орозонун даамын сезип, Аллахка жакындоонун аракетинде болуубузга Шавваль айындагы орозо түрткү берет.

— Бул орозону Шавваль айынын кайсы күндөрү кармайбыз?

— Айт күнү гана кармаган болбойт. Шавваль айынын ичинде өзүңүзгө ыңгайлуу каалаган күнү кармай бересиз. Катары менен 6 күн кармасаңыз болот, же болбосо үзүп-үзүп деле кармай бересиз. Сүннөт орозолор кармалчу дүйшөмбү жана бейшемби күндөрүнө туштап кармасаңыз да кошумча сооп болот.

— Кантип ниет кылабыз?

— Шавваль айындагы 6 күндүк орозону кармоого деп ниет кылабыз.

— Шавваль айындагы орозодо кайсы убакта ооз бекитип, кайра качан ооз ачылат?

— Багымдат намазынын убактысы киргенге чейин ооз бекитип, шам намазы киргенде ооз ачылат. Намаз убактыларына карап, биле аласыз.

454