7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма сынак өткөрүп, айдоочулук күбөлүктөрдү саткан адис кармалды

558

Министрлер кабинетине караштуу Унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирдет.

УКМК тарабынан жол кыймылынын эрежелерине теориялык жана практикалык сынактарды ийгиликтүү тапшыргандыгы үчүн жарандардан акча каражаттарын алуу максатында Унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Бул агенттиктин адистери текшерүүдөн өтүп жаткандар менен ортомчулар аркылуу алдын ала байланыш түзүп, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн жол эрежелери боюнча сынактан аларды «ийгиликтүү» өткөрүп, ал кызматы үчүн акча алып келген. Бул агенттиктин адиси Б.М.Ш. системалуу түрдө 50 миң сомдон пайда таап турган.

15-апрелде ал кызматкер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.

559