Кара-Суу районунда 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдирди.
15-апрель күнү милицияга Ош облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-апрелде эртең менен 2019-жылы туулган кызы уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп жаткандыгын билдирген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Кыз талаадан белгисиз адамдын унаасынан табылган. Кылмыш-жаза кодексинин «Адам уурдоо» жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катары автоунаанын ээси Ош облусунун 1993-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынды. Жабырлануучу кызга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда кыз ата-энесинин жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Тергөө уланууда.