Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жыйынтыктоочу күнүндө Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков финалга жолдомо алды.
Ал 60 кг чейинки салмакта 1/8 финалдык баскычта индонезиялык Супарманто Супарманто аттуу балбан менен чыгып, натыйжада 11:0 эсебинде таза жеңишке жетти. Чейрек финалда өзбекстандык Бахромовду 23 секунддун ичинде 8:0 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда ирандык балбанды 11:0 эсеп менен артта калтырды.
Финалдык беттештер саат 18:00 дө башталат.