7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ички иштер органдарында бир катар жетекчилер алмашты

382

Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен айрым облустардын жетекчилеринин кызмат орундары алмашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Милициянын генерал-майору Мурат Боронов Баткен ОИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы кызматына, ал эми Ош ШИИБдин карамагында турган милициянын полковниги Улан Жукенов Баткен ОИИБдин башчысы кызматына, милициянын подполковниги Улан Орозалиев Бишкек ШИИББнын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (башкармалык укугунда) башчысы кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалышты.

Ал эми Бишкек ШИИББдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Улан Орозалиев Ысык-Көл ОИИБдин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басары болуп дайындалды.
Мындан тышкары, Ысык-Көл ОИИБдин кызматкери Максат Абдымомуновго Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөнү кошумчаланды.
383