Борбор калаада ысык суу 22-апрелден тарта өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев 18-апрелде кол койгон.
«Жылуулук жабдууларын, тармактарын, отканаларды, жылуулук керектөө тутумун 2024-2025-жылдын от жагуу мезгилин сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында 22-апрелден 1-июнга чейин ысык суу өчүрүлөт. Борбор калаада ысык суу жыл сайын профилактикалык жана оңдоо жумуштарын жасоо үчүн убактылуу өчүрүлүп келет»,- дешти мэриядан.