7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстандын І даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды

437

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Казакстан Республикасына расмий сапардын алкагында І даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго «Казакстандын жана Кыргызстандын ортосундагы эки жактуу мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» жогорку сыйлык тапшырды.

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан терең жана тарыхый тамырлары менен байланышкан – боордош өлкө экенин баса көрсөттү.

Казакстандын президенти эки элдин бир туугандыгын бекемдөөдөгү Садыр Жапаровдун ролун жогору баалап, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. Ал эки элдин жаркын келечеги үчүн түбөлүк достук жана бузулбас бир туугандык алака мындан ары дагы бекемделе берерин белгиледи.

Садыр Жапаров, өз кезегинде, Касым-Жомарт Токаевге жана бүткүл боордош казак элине жогорку баа үчүн ыраазычылык билдирип, І даражадагы «Достык» ордени менен сыйлоо чечимин Кыргызстанга жана кыргыз элине карата өзгөчө сый-урмат катары көрөрүн белгилеп өттү.

Кыргызстандын президенти баса белгилегендей, І даражадагы «Достык» ордени эки өлкөнүн ортосундагы саясий ишенимдин жогорку деңгээлин, жөнгө салынган союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү ырастайт.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер өнүгүүнүн жаңы доорунун босогосунда турганын ырастады. Ал бир тууган элдердин ортосундагы жакшы коңшулаштык жана түбөлүк достук байланыштарды чыңдоого багытталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тыгыз жана биргелешип иштөөгө даяр экендигин баса белгиледи. Президент биргелешкен күч-аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өнөктөштүк алакалар эгиз элдин кызыкчылыгында бекемделип, ырааттуу өнүгө берерине ишеним билдирди.

 

438