18-апрелде “Жардам кербени – 2” түнкү саат 23:10до Актау шаарына кыргызстандыктардан келген 2 жүк ташуучу гуманитардык жардамды түшүрүштү.
Бир нече күн бою күнү-түнү аба ырайынын ар түрдүү шартына карабастан, казак боордошторго «Жардам кербени-2» сүт азыктарын жеткирүү үчүн Казакстандын аймагында узак жол басты. Амантты жеткирүүнүн акыркы чекити — Мангыстау облусунун Актау шаары.
Бул жолу унаалар кербенин Мангыстау облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы полковник Мурат Муханов тосуп алды. Кыргызстандан барган жардамды өткөрүп берген соң, Мурат Муханов оор күндөрдө жардам көрсөткөн кыргыз элине, ӨКМдин куткаруучуларына ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, боордош казак элине жөнөткөн гумжардам Костанай, Актөбө, Орал (Урал), Атырау жана Мангыстау облустарына бөлүштүрүлгөн.