7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адахан Мадумаров эркиндикке чыкты

770

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Биринчи Май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы чечимине ылайык, Адахан Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209 («Алдамчылык») жана 338-беренелери («Бийликтен аша чабуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошотулган.

Бирок ал өкүм расмий күчүнө киргенге чейин камакта калтырылган. Башкача айтканда, ага карата баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй, ал бүгүнкү күнгө чейин абакта болгон.

Эске сала кетсек, Адахан Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында кармалган. Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча 2009-жылы кол коюлган протоколдон улам мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган.

 

771