1-майда жаан жаап, күн күркүрөп ,бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,
Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.