7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузактагы кырсык. Дарыланып жаткан 6 бала ооруканадан чыкты

567

Сузактагы кырсыктан жаракат алып Бишкекте дарыланып жаткан он баланын алтоосу ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов кабарлады.

Дарыгердин айтымында, учурда ооруканада төрт бала дарылануусун улантууда. Аларды дагы ушул жуманын аягына чейин үйүнө чыгаруу пландалууда.

Бишкек шаардык балдар ооруканасына жаткырылган он баланын төртөөнө операция жасалган. Бирөөсү башынан, эки бала ээгинен жана бир бейтап бутунан операция болгон.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузак районунун Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. 32 бала ар кандай жаракат алып, алардын ичинен абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына алынып келген. Төртөө жанданыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Бүгүн Сузак районунун Жерге-Тал айылында «Урааным Манас» аттуу маданий иш-чарасы учурунда болгон окуянын келип чыгуу себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылды. 

 

 

568