Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабын уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды.
Милицияга Б.М.аттуу жаран белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда, 20-февраль күнү “Дордой” соода базарынын контейнерлердин биринде жашыруун түрдө 23 миң 500 сомду түзгөн жаңы чапанды уурдап кеткендигин айткан.
Аталган факт боюнча «Урдоо» беренси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 29 жаштагы Бишкектин тургуну аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.