7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеңешбек Дүйшөбаев тилкаттын негизинде абактан бошотулду

384

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев Кыргызстандан сыртка чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыкты.

Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Соттун мындай чечими 21-майда чыгарылган.

Буга чейин абактагы Дүйшөбаевдин абалы начарлаганы айтылып келген. Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбору да Дүйшөбаевдин ден соолугу начар экенин айткан.

Кеңешбек Дүйшөбаев  милициянын генерал-майору, 2005-жылдагы 24-март окуясында ИИМ министри да болгон. Ал 2022-жылдын күзүндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккандардын катарында жалпы 27 саясатчы, активисттер менен кошо камалган.

Алардын арасынан учурда сегизи абакта. Калгандары ар түрдүү шартта үй камагына чыккан.

385