Президент Садыр Жапаров “Жаңы кадам» жалпы республикалык кеңешмеге катышат
408
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат.
Иш-чарага “Социалдык контракт” программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат.
“Социалдык контракт” программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ашырылууда.
Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Түз алып берүү саат 10:00дө башталат.