7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыймылы жай адамдар COVID-19 илдетинен төрт эсе көп өлүшөт

911

Окумуштуулардын айтымында, жай кыймылдаган адамдар COVID-19 оорусунан төрт эсе көп өлүшөт. Лестер университетинин британиялык окумуштуулары, жай баскан адамдардын кыймылдуу адамдарга салыштырмалуу COVID-19дан өлүү коркунучу дээрлик төрт эсе жогору экендигин аныкташты.

Эмгектин авторлору Улуу Британиянын Биобанкынан келген 412 миңден ашуун адамдын көрсөткүчтөрүн анализдеп, COVID-19 вирусу менен жабыркагандардын салмагы жана басуу темпинин ортосундагы байланышты изилдешкен.

Эксперттер жай баскан адамдар коронавирустан 3,75 эсе көп каза табышат. Мындан тышкары, жай баскан орточо салмактагы адамдарда COVID-19 оорусунун пайда болуу коркунучу ашыкча салмакка ээ, бирок тез баскан адамдарга караганда 2,5 эсе жогору экенин аныкташкан.

Ошол эле учурда, ашыкча салмактуу жарандардын да, орточо салмактагы жана арык адамдардын басуу темпи бирдей жай болгон болсо, баарынын тең эле COVID-19 вирусунан жабыркоо коркунучу бар.

Илимпоздордун айтымында, тез баскан адамдардын каны тез айланып жүрөк-кан тамырынын жүрүшүн тездетет. Ошондой эле бул илдеттин жүрүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок, жыйынтыктын так себеби дагы деле белгисиз бойдон калууда, дешет изилдөөчүлөр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

912