Бишкекте «Мурас-Ордо» жаңы конушунда 13 жашар бала киши колдуу болуп өлтүрүлдү. Бул тууралуу Мурас-Ордо конушунун жергиликтүү тургундары билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, наристени кекиртегинен мууздап өлтүрүшкөн. Азыр окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Кылмыш болжол менен саат 9-11лерде болгон, ата-энеси үйдө болгон эмес. Өспүрүмдү өлтүрүүгө 2 адам шектелүүдө.
Жарандар жөнөткөн видеодосунан «Азыр экөө СЭЗ Бишкек жака качып кетишти. Ким ошол жакта болсо өткүлө», — деп чуркап бара жаткандарын көрүүгө болот.
Толук маалымат чыга элек.