7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үрөй учурган кырсык үч адамдын өмүрүн алды

427

Бишкек – Ош унаа жолунун 101-чакырымында күн мурун кечки саат 20:20лар чамасында «Ауди С4» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «Скания» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жеңил унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 63 жаштагы  айдоочусу жана 32 жаштагы  жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.

Ал эми дагы үч жүргүнчү, бир эркек жана эки аял кырсык болгон жерде каза болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугун жана эрежелерин так сактоону суранат.

 

428