Бишкек – Ош унаа жолунун 101-чакырымында күн мурун кечки саат 20:20лар чамасында «Ауди С4» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен «Скания» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жеңил унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 63 жаштагы айдоочусу жана 32 жаштагы жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.
Ал эми дагы үч жүргүнчү, бир эркек жана эки аял кырсык болгон жерде каза болгон.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугун жана эрежелерин так сактоону суранат.