Унаанын үстүнөн дене боюн чыгарып айдаган айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдирди.
Аламүдүн районун “Ала-Арча” эс алуу паркына бара жаткан жолунда “ Хундай Грандер” үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу унаанын үстүнөн эки жүргүнчү кыздарды дене бойлорун чыгарып айдаган.
Унаанын айдоочусуна Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык 15 миң сомго айып салынып, унаасын айып коро жайына киргизишти.