7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Июнь окуясынын курмандыктары эскерилди

423

Бүгүн Ош жергесинде 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курман болгондордун элесине таазим кылышты.

Каза болгондордун жакындары жана иш-чаранын катышуучулары менен болгон барлашууда өкүлдүн орун басары Талантбек Арстанкулов: «Биз кылымдар бою ынтымакта, бир туугандыкта жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымакты туу тутуп, байыркы Ош шаарынын даңктуу тарыхын жараткан. Ар бирибиз тынчтыкты жана ынтымакты сактоого милдеттүүбүз», — деп баса белгилеп, көңүл айтты.

Эскерүү “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексине гүл коюу менен башталып, каза болгондорго багышталып куран окулду.

 

424