Жалал-Абад шаарында жаңы парк курулууда. Бул туууралуу мэриядан билдирди.
Аталган парк мурдагы экопарктын ордуна салынып, анын жалпы аянты 8,16 гектарды түзөт.
Паркта коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол тенниси, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле, спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) аянтчалары болот.
Парк Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен курулууда.